Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке келтирилген зыяндын бир бөлүгүн төлөп, СИЗОдон чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Маалыматты УКМК тастыктады. Ал казынага келтирилген зыяндын бир бөлүгүн — 50 миллион сом төлөгөн.
Экс-премьер Мухаммедкалый Абылгазиев 26-январда мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган.