«Кымбат унаа, үй, чет өлкөдөгү батирди кантип алдыңар?». Балбак Түлөбаев Бишкек директорлоруна кайрылды

«Мага Бишкектеги мектеп директорлор салам дубай айтышыптыр», — деп депутат Балбак Түлөбаев директорлордун талабы боюнча комментарий берди.

«Урматтуу мүдүрлөр, күзгүгө каранып, анан мага кайрылгыла. Баары эмес, көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат машине, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү квартираларыңарды кайдан алдыңар? Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес, мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо, самсыкана салып алдыңар. Канча ата-эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп, болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй-мүлкүн текшертиш керек. Бардык ата-энелерге кайрылам, коркпогула, жаздырып алып, мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда. Шаардык билим берүүнү өкмөт алсын. Шаар чарбалык ишине карасын», — деп жазды ал.

Буга чейин Бишкектеги мектеп директорлор Балбак Түлөбаевди 1 миллиард сом айыпка жыгууну талап кылышкан.