“Күмүш медалга 10, колого 7 миллион”. Министрлер кабинети спортчуларга берилчү сый акыны көтөрдү

Podium 62kg WW - Bronze: Aisuluu Tynybekova (KGZ)

Париждеги Олимпиада оюндарында күмүш медаль үчүн кыргызстандык спортчуларга 10 миллион сом берилерин министрлер кабинети тактады.

Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын күмүш медалын алышты.

Коло байге ээлери 7 миллион сомдон алышат. Коло медалды төрт спортчу жеңип алды: Жоламан Шаршенбеков, Үзүр Жузупбеков, Акжол Махмудов жана Айсулуу Тыныбекова.

Машыктыруучуларга жана дарыгерлерге да премия каралган.