Күндүн сүрөтү: «Тазалыкчыларга» сезондук жаңы форма берилгени элдин кыжырын жаратууда

Кечээ, 25-сентябрда Ош шаарынын «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов ар бир жумушчуга жаңы кийим тапшырып, иштерине ийгилик каалаганы маалымдалган.

«Шаардын тазалыгын камсыздоодо сиздердин эмгек чоң. Күн-түн дебей, ысык-суукка карабай эл кызматындасыздар. Биз сиздердин иштөөңүздөр үчүн болушунча жакшы шарт түзүүгө аракет кылабыз», — деген жетекчи. Ошондой эле жумушчуларга ишкана тарабынан күзгү, жайкы, кышкы сезондук кийимдер, эмгек куралдары акысыз берилип турары айтылган.

Дал ушул сүрөттөр соцтармактын колдонуучуларынын кыжырын кайнатты. Алардын басымдуу көпчүлүгүнүн айтымында, алдуу-күчтүү эркек ишкана башчысынын улгайып калган жаштагы аялдарга кийим-кече берилиши кейиштүү көрүнүш жараткан.