«Күндүз 15, кечкисин 20 сом». Ош шаарында жол акы кымбаттады

Ош шаарында кичи автобустарга болгон тариф көтөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү. Ага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты. Анда жүргүнчү ташыган кичи автобустарга болгон жол акысын жогорулатуу маселеси каралды. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, унаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартканын билдирди. Ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралганын айтты.

Шаардык кеңештин депутаттары кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Жыйынтыгында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен кичи автобустарга болгон төлөм күндүзү 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок. Жаңы тариф 1-декабрдан тарта иштеп баштайт.