«Күнөөм болсо, кечирим сурайм». Депутат энергетика министри кечирим сурашы керектигин айтты

Бүгүн, 19-январда парламенттин жыйынында депутаттар электр жарыгын өчүрүү маселесин талкуулап жатышат.

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев министр парламентке кандайча келгенин эске салып, күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча маалымат берди. Депутаттын айтымында, анда аткаминер суунун деңгээли мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жогору деп ишендирген. Депутат ошондой эле анын электр жарыгын үзгүлтүксүз берүүнү убада кылганын эске салды.

Таалайбек Ибраев айтканын мойнуна алып, суунун деңгээли 1 миллиард куб метрден ашык көбөйгөнүн дагы бир жолу кайталады. Депутат андан түзүлгөн кырдаал үчүн элден кечирим суроосун талап кылды. Таалайбек Ибраев жоопкерчиликтен качпаганын айтты. «Мен жоопкерчиликтен качпайм, эгер күнөөлүү болсом кечирим сурайм», — деди ал.