Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды. Маалым болгондой, ал 16-февралга караган түнү саат 03:05те оорудан улам көз жумган.
Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган.
Театрда чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Египет, Колумбия, Англия, Германияда өткөн Эл аралык фестивалдарга катышкан.
1990-жылы «Тунгуч» жаштар театрын ачып, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келген.
SUPERTV залкардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Аллахым бейиши менен сыйласын энебизди.
Терен кайгыруу менен уй булоосуно, тууган уругуна, жана жакындарына конул айтам . Жараткан жайын жаннаттан берсин. Мен залкардын талантын жогору баалачумун.
Бейиштен оорун берсин . Каап кыргыз театрынын дагы бир жери кемиген тура.
Жамал эжедей таланттуу аялдын арабыздан кетиши,кыргыз Эли учун чон жоготуу… Эженин таланты ,элеси Эл ичинде жашай берет деген умуттомун.Эженин жургон жери бейиш,арты кайырлуу болсун…