Abank
SerepTV Logo

"Кыргыз эл баатыры" наамы, батир, 1 миллион сом". Каныбек Иманалиев мугалимдерге дагы эмнелерди убада кылды?

"Кыргыз эл баатыры" наамы, батир, 1 миллион сом". Каныбек Иманалиев мугалимдерге дагы эмнелерди убада кылды?
Кечээ, 27-февралда билим берүү министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өткөн жыйында билим берүүдөгү приоритеттүү багыттарды атады. Алар: - Президенттин демилгеси менен эми мугалимге “Кыргыз эл баатыры” наамы берилет; - “Жылдын мыкты мугалими” сынагынын жеңүүчүсүнө батир, беш негизги предмет боюнча жеңүүчү болгон жылдын мыкты мугалимдерине бир миллион сомдон берилет. Жеңүүчү аталган 5 мугалим жыл бою Кыргызстанды кыдырып, көрсөтмө сабактарды өтөт; - Жакынкы 3-5 жылда миңден ашуун мугалимдерге квартира берилет. Бул үчүн атайын долбоор түзүү максаты көздөлүүдө; - Дүйнөлүк жогорку окуу жайларда окуп, атактуу компанияларда иштеген мекендештерге мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар берилет; - Президенттин демилгеси менен жакыр үй-бүлөдөн чыккан таланттуу балдар үчүн Чолпон-Ата шаарында мектеп-гимназия курулуп жатат. Ал жакынкы жылдарда ишке кирет.