Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, драматург Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган аткаминерлер, акын-жазуучулар, маданият өкүлдөрү жана башкалар катышты. Маркумдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Белгилүү прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссеру, адабият таануучу, котормочу Мар Байжиев 86 жашында 29-октябрда көз жумган.