Кыргыз жана Пакистан билим берүү министрлери жолугушту

Кечээ, 20-майда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышуу үчүн Лондонго болгон сапарында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинин көмөгү менен Пакистандын федералдык жана кесиптик билим берүү министри Халид Сиддики менен жолугушту.

Жолугушууда министр Догдуркүл Кендирбаева 18-майда Бишкекте чет элдик студенттер, анын ичинде Пакистан жарандары катышкан окуя тууралуу маалымат берди. Министр учурда студенттердин коопсуздугу толук камсыздалып, кырдаал Кыргыз Республикасынын президентинин жеке көзөмөлүндө турганын белгиледи. Министр Халид Сиддики кырдаалды түшүндүрүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал бул жолугушуу тууралуу Пакистандын премьер-министрине маалымат берерин айтты. Министр Халид Сиддики бул окуя Пакистандын жарандарынын билим алуусуна таасирин тийгизбеши керектигин белгилеп, өз ара аракеттенүүгө даяр экенин билдирди. Министр Догдуркүл Кендирбаева кесиптешин Кыргыз Республикасына келип, пакистандык студенттердин окуу жана жашоо шарттарын көрүүгө, кызматташтыктын багыттарын талкуулоого чакырды.