Кыргыз куткаруучулары Түркияда 16 жаштагы өспүрүмдү аман алып чыкканы маалым болду

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Кыргыз куткаруучулары Түркияда 6 күн урандынын алдында жаткан адамды аман алып чыгышканын билдиришкен.

Аман-эсен куткарылган жарандын 16 жаштагы өспүрүм экени аныкталды. «Кахранмараш шаарында кыргызстандык куткаруучуларга бөлүнгөн тилкеден 16 жаштагы түрк жараны аман-эсен куткарылды. Жер титирөөдөн кийинки 6-суткада биздин куткаруучулар түркиялыктар менен биргеликте издөө-куткаруу иштеринин учурунда уранды астынан аман калган адамды чыгарышкан. Куткарылган адам ошол кыйраган имараттын 5-кабатында жашаган 16 жаштагы Түркия жараны экени аныкталды»,- деп айтылат маалыматта.