Кыргыз куткаруучулары Түркияда урандынын алдынан 104 кишинин сөөгүн алып чыгышты. Бул туууралуу ӨКМден билдиришти.
«Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулар бир жума аралыгында издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында урандылардын астында аман калган 4 адамды жана каза болгон 104 адамдын сөөгүн чыгарып беришти», — деп айтылат маалыматта.