Кыргыз өлкөсүндөгү шайлоолорго ыкылас койгон 100дөн ашуун аккаунтту Фейсбук өчүрдү

2020-жылдын декабрь айынын ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү парламенттик жана президенттик шайлоого ыкылас койгон 100дөн ашуун аккаунтту Фейсбук өчүрдү. Бул тууралуу аталган социалдык тармактын отчётунда жазылат.

Документке ылайык, Фейсбук компаниясы Кыргыз мамлекетинде ачылган 121 аккаунтту, 46 баракчаны, 7 топту жана Инстаграмдагы 41 аккаунтту жойду. Компания аккаунттардын ишин иликтеп чыгып, Media Center медиа компаниясы, ЖМКлар жана өкмөттө иштеген адамдар менен байланышын тапкан. «Бул иш-аракет 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жана 2021-жылдагы кезексиз президенттик шайлоонун айланасында болуп, бир эле учурда ар кандай саясий партияларды жактап жатты», — деп айтылат докладда. Фейсбук колдонуучулардын келген арыздарынан кийин гана аккаунттарды жок кылган. Өчүрүү учурунда аккаунттарда жана баракчаларда катталуучулар дээрлик болгон эмес.

Мындан тышкары Фейсбук компаниясы Кыргыз өлкөсүндө ачылган 92 аккаунт, 4 баракча, 11 топту жана Инстаграмдагы 30 аккаунтту жаап салды. Алар өз контентине комментарий жазып, ошондой эле саясий партиялардын постторун жана белгилүү жаңылык баракчаларына билдирүү калтырган аккаунттар болгон.

Өлкөдө парламенттик шайлоо өткөн жылдын 4-октябрында, ал эми мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо ушул жылдын 10-январында өттү. Буга чейин Кактус жана Kloop басылмалары Фейсбуктагы жасалма аккаунттар бийликчил талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгын аныкташкан эле.