Кыргыз өлкөсүнө коронавируска каршы вакцина келди

Кыргыз өлкөсүнө изилдөө үчүн коронавируска каршы вакцина келди. Бул тууралуу бүгүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Анын айтымында, алып келинген эмдөө АКШнын Pfizer компаниясына таандык.

“Биз вакцинаны кабыл алуу, камсыздоо, сактоо жана кыска убакыттын ичинде уюштуруу иштери менен шарттарын изилдеп чыгышыбыз керек. Бул вакцинаны колдонуу үчүн аны 70 градус суукта сактоо зарыл болот. Тилекке каршы бизде азыр андай шарт менен камсыз кылуу жок. Ошондуктан каражат издеп табышыбыз кажет. Чечим кабыл алуу үчүн дагы башка вакциналарды изилдеп чыгабыз”, — деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басарынын айтымында, дүйнөдө азыр 200дөн ашуун коронавируска каршы вакцина иштелип чыккан. Анын 60га чукулу клиникалык сыноолордон өткөн. Эмдөө иштери башталса, анда биринчи кезекте кызыл зоналарда иштеген медициналык кызматкерлер вакцина алышы керектиги сунушталат.