БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ооганстан боюнча 21-июнда жыйын өттү. Кыргыз Республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Ооганстандын тынч жана стабилдүү болушуна кызыкдар экенин, коңшулук жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө жана ооган элине жардам колун сунууга даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары, Ооганстандын экономикасын аймактык процесстерге интеграциялоонун, анын ичинде Ооганстан аркылуу Түштүк Азия өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоо боюнча CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.
Жыйынга ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, БУУнун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышып, Кеңештин мүчөлөрүнө ал өлкөдөгү кырдаал тууралуу маалымат берди.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды....
Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен ушул жылдын 28-30-апрелинде Того Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргыз Республикасына расмий сапары...
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Россия Федерациясына каршы санкцияларынын 20-пакетине Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын киргизилиши, анын ичинде биздин...
Каттоо 16-май жана 20-май күндөрү саат 13:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында ЖРТ өтө турган борборлордо...
1-майдан 10-майга чейин, май майрамдары мезгилинде, саламаттык сактоо уюмдары белгиленген тартипте иш алып барат жана жооптуу кызматкерлердин нөөмөтү уюштурулат. Бул...