Кыргыз Эл артисти Асанкул Осмонов акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмоновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Асанкул Осмонов 1958-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин кыргыз маданияты, улуттук театр искусствосу үчүн жан үрөп эмгектенгенин айтып, анын театр жана кинодо калтырган чыйыры кийинки таланттуу жаштарга үлгү болорун белгилеп өттү.

Кыргыз эл жазуучусу Жаныш Кулмамбетов: “Биз бүгүн Асанкул агай менен коштошуп жатып, анын ысымы кыргыз маданиятынын тарыхына кирген улуу инсан экенин айтам. Бир кездеги биздин Муратбек Рыскулов баштаган легендаларыбыздын акыркыларынын бири Асанкул агай болуп калды. Асанкул Осмонов биз үчүн “Биринчи мугалимдеги” Дүйшөн, “Ак боз аттагы” Шырдакбек, “Айкөл Манастагы” Кошой, “Манастын уулу Семетейдеги” Бакай», — деди.

Кыргыз эл артисти Эгемберди Бекболиев:Асанкул ага театрыбыздын аксакалы эле, бүт өмүрүн сахнага арнады. Ал сахнанын көркү болчу. Мисалы, Шырдакбектин ролун аткарып сахнага чыкканда, көрүүчүлөргө “мына кыргыздын ханы ушундай көрктүү, салабаттуу болуш керек” деген таасир калтыра алган. Ал жалаң гана кыргыздын эмес, башка улуттун пьесасындагы каармандарды дагы дал өзүндөй кылып ойной билген, бир пландагы эмес, ар тараптуу актёр болчу”, — деди.

Актёр 60 жылга жакын бир театрда иштеп, чыгармачылыктын чоң сапарын басып өттү. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.