Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында каза болгон 36 жарандын жакындарына үй тапшырылды

Бүгүн, 16-сентябрда чек арада орун алган каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 жарандын үй-бүлөлөрү үчүн курулган жаңы үйлөр тапшырылды. Ал иш-чарага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, депутат Карамат Орозова жана президенттин коомдук иштери боюнча кеңешчиси Ассоль Молдокматова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Алгач куран окулуп, андан соң облус башчысы шейит кеткендердин жакындарына көңүл айтуу менен, сабырдуулук каалады. «Мекен үчүн жанын берген эр-азаматтардын жакындарына бардык шарттары менен камсыздалган үйлөр тапшырылды. Анан да облус башчысы, президенттин атайын өкүлү, курулуш компаниялардын жетекчилери жана салтанатта катышып жаткан коноктор, шейит кеткендердин жакындары болуп өткөн каргашалуу окуялар кайталанбай, өлкөдө тынчтык өмүр сүрсүн деп бата кылышты», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, шаарчага Мадинанын ысымы ыйгарылганы маалым болду. 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен 13 жаштагы Мадина Рахматжанова көз жумган.