Чек арадагы атышууда каза болгон чек арачынын сөөгү Тажикстан аркылуу алып келинет

Саат 18:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондун тоолуу ландшафтына байланыштуу, бүгүн, 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек арачысы сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү Кыргызстанга Тажикстандын аймагы аркылуу жеткирилет. «УКМК аскер кызматкери атышуунун кесепетинен Кыргызстандын аймагында көз жумганын белгилейт», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик чек арадагы укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин координациялоо максатында, Башкы штабдын башчысы — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары полковник Курсанбек Бекташов Баткен облусуна учуп кеткен.