Кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Жыйынга укуктук маселелер боюнча жумушчу топтор катышкан. Жолугушуу 1-7-сентябрда Согди облусу Бустон шаарында болду. 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлган.