Кыргыз-тажик чек арасы. Эки өлкөнүн 150гө жакын аксакалдары жолугушту (сүрөт, видео)

Бүгүн, 11-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы аксакалдар жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Самаркандек жана Паскы-Арык айылынын аксакалдары менен Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылынын жана Фердавси участогунун аксакалдары жолугушту. Бул жолугушууга жалпысынан 150гө жакын аксакал катышкан. Жолугушуунун максаты эки элдин ортосундагы мамилени калыбына келтирип, мындан ары чек ара маселеси чечилмейинче чыр-чатакка жол бербөө, эки тарап өз айылындагы жаштарды ынтымакка чакыруу, чагымчыл маалыматтарды таркаткандарга чара көрүү. Жолугушууда аксакалдар эки элдин ынтымагын бекемдеп, спорттук иш-чараларды өткөрүп турууну туура көрүштү.

«Бул жолугушуу Баткен РИИБдин жана Исфара-2 РИИБинин жетекчилери аркылуу демилгеленип өткөрүлүүдө. Буга чейин Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Сомониён, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушуп ынтымакка келишкен», — деп айтылат маалыматта.