Кыргыз-тажик чек арасы. Топографиялык жумушчу топтордун жолугушуусу болуп өттү

25-30-октябрь күндөрү Дүйшөмбү шаарында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Тараптар жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусун Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашышты. «Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү», — деп айтылат маалыматта.