Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде Кыргыз жаранынын сарайы өрттөнүп кетти

иллюстрация

Баткен районунун Дахма аймагында кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде Кыргыз жаранынын сарайы өрттөнүп кетти. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Кырсык бүгүн, 9-ноябрдын таңында болгон. Сарай Кыргыз жаранына таандык болгон. Саат 06:15те өрт чектөөгө алынган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле УКМКдан кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин белгилешти.