Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын ортосунда телефондук сүйлөшүү болду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Жетекчилер эки облустун чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашып, кечээ, 7-майда кыргыз-тажик чек арасында катталган окуя, аймактын жалпы коопсуздугуна таасирин тийгизбейт деп белгилешти. Ошону менен катар бүгүн, 8-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө Баткен жана Согди облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, окуя болгон жерде жолугушуусу пландалып, окуяны жеринде териштирүү макулдашылды.
Кечээ, 7-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде ок атуучу курал пайдаланылган окуя орун алгандыгын УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашкан. Болжол менен саат 12:20да Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Босого калктуу конушуна жакын жерде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажик жарандарын – малчыларды байкаган. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 250-300 метрдей аралыкта Кыргызстандын аймагында мал кайтарып жүрүшкөн.
Кыргызстандын аймагынан чыгууну талап кылган чек арачылардын талабын Тажик жарандары көңүлгө албай, тескерисинче, аскер кызматчыларын көздөй таш ыргытышкан. Чабандардын бири Кыргызстандын чек ара кезметин көздөй 2-3 жолу ок чыгарган. Жагдайдын курчуп кетишине жол бербөө максатында чек арачылар асманды көздөй эскертүү иретинде ок чыгарышканда чабандар Тажикстандын аймагына качып кетишкен.
Кыргыз Республикасынын чек арачылары арасында жаракат алгандар болгон жок. Такталбаган маалыматтарга караганда Тажикстандын бир жараны бутуна жаракат алган. Бирок Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүрөттү гана жөнөтүшкөндүктөн бул жаран кандай жагдайда, качан жана кай жакта жаракат алгандыгы белгисиз.