Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен саат 20:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан жаракат алгандар тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка ылайык, жалпы жаракат алгандардын саны 30 адам, 1 киши каза тапты, бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлдү. Учурда 29 адам ар кандай жаракаттар менен Баткен облусундагы ооруканада.
Буга чейин 2 киши каза болгону маалымдалган эле. Бирок бул маалымат тастыкталган жок.