Кыргыз-тажик чек арасында окоптордун казылышы. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолукту

9-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинде Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Жолугушууда бир катар суроолор каралып, анын ичинде шарттуу мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде айыл чарба жумуштарын жүргүзүү маселеси да каралган.

«9-апрелде Кыргыз жарандары шарттуу мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жердеги Кыргыз жаранына таандык аянты 0,4 гектарды түзгөн жер тилкесине буудай эгип башташкан. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип жумушту токтотууну талап кылышкан. Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын-алып жана келип чыккан маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү максатында эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусун өткөрүү чечимин кабыл алышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргыз жарандары 0,4 гектар жер тилкесинде жумушун токтотуп, ошону менен бирге Тажик жарандары да Сай жерлигинде 14 гектар жер тилкесинде жумушун токтото турган болушту. Жумушту жакынкы убактарга пландаштырылган райондук администрация жетекчилеринин жолугушуусуна чейин токтотуп турушмай болушту. Ошону менен бирге кыргыз тарап Лейлек районунун Катта-Туз жерлигинин тушуна окопторду казууга жол берилбеши керектигин билдирди, ал эми өз учурунда Тажикстандын чек ара өкүлү Катта-Туз жерлигинин тушуна окопторду казган тажик чек арачылары жазаланышкандыгын жана тажик тарап Майты жерлигиндеги 28 гектар жер тилкесинде да жумуштарын токтоткондугун билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Сада жерлигиндеги Тажикстандын жарандары тарабынан арыктарды тазалоо маселеси эки тараптын райондук администрация жана суу пайдалануу мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусунда кароо чечимин кабыл алышкан. Жолугушуунун жыйынтыгы эки тараптын райондук администрация жетекчилерине жеткирилип, алар болсо ушул жумада жолугушмай болушту. Чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.