Кыргыз-тажик чек арасында октон жаракат алып, операция жасалган чек арачы жандандыруу бөлүмүндө

Кыргыз-тажик чек арасында октон жаракат алып, операция жасалган чек арачы жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Эки аскер кызматкери андан ары дарылануу үчүн Бишкекке жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылган. Анын бирөөсүнө, тактап айтканда, 2000-жылы туулган чек арачыга операция жасалган.

Ал эми 2001-жылкы чек арачынын абалы туруктуу деп бааланып жатат.