Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 24-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы Кум-Мазар аймагында Тажикстандын чек арага жакын жашаган тургундары кыргыз тараптын макулдугусуз, кумду тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзө башташкан. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жерине Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар барган. Тажик тарап кыргыз тараптын ишти токтотуу талабына баш ийген эмес. Ошол эле учурда Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранын сабоого аракет кылышкан. Ошондон улам кайым-айтышуу башталып, мушташка айланып, бири-бирине таш ыргыта башташкан. 

Уруштун жүрүшүндө Тажик чек арачылары тарабынан ок атылган. Ага жооп кылып Кыргыз тараптын чек арачылары да ок чыгарган.

«Атышуудан кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон жок. Жаңжалдын курчуп кетпеши үчүн,  УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаев жерине барды. Учурда сүйлөшүү жүрүп жатат. Чек арадагы абал туруктуу»,— деп айтылат маалыматта.