Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 11 жаштагы бала жаракат алып, ооруканага жаткырылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 11 жаштагы бала жаракат алып, Лейлек районундагы ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын далысына жана жаагына октун чачырандылары тийген. Абалы орточо оор.