Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Максат айылында кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысы салына баштады

Баткендин Лейлек районуна караштуу Максат айылында чек ара жаңжалында кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткендеги атайын өкүлү Мамыржан Рахимов журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, Түркиядан келген жеңил типтеги тамдар кураштырылат. Ушул тушта төрт үйдүн пайдубалы салынып, дубалын бириктирүү башталган. Мындан тышкары, атайын өкүл жаңжалда кыйраган турак жайдын саны 140ка жеткенин кабарлады. Буга чейин кыйраган үйлөрдүн саны 136 деп эсептелген эле. Рахимов ар бири 126 чарчы метр болгон, заманбап шарттагы үйлөрдүн баары өлкөнүн эгемендик күнүнө карата толук курулуп бүтөрүн кабарлады.

2-июлда тажик-кыргыз чек арасындагы куралдуу окуядан эки ай өткөндөн кийин, талкаланган Чорку аймагынын жашоочуларынын үйлөрү калыбына келтирилип, үй ээлерине тапшырылган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Чорку аймагындагы Сомонион айылындагы 16 үй жана Ходжаи Аъло айылындагы 6 үй талкаланганы маалым болгон