Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүнүн чоо-жайы маалым болду

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу «Кызыл-Бел» өткөрмө бекети менен Гүлистон өткөрүү пунктунун ортосундагы бейтарап аймакта өттү. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчылары чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу маселелерин талкуулашканы такталды. Тараптар бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынан 13:00дөн баштап туруктуу жайгаштыруу жайларына аскерлердин жана аскердик техникалардын бардык түрлөрүн өз ара алып кетүүнү баштоо керек экендигин жана ага даяр экендиктерин билдиришкен.

«Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын 1-майда өткөрүү чечими кабыл алынды. Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын чек ара аскерлеринин командирлеринин жетекчилиги астында түзүлгөн келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн жумушчу топтор түзүлдү», — деп билдирди УКМК.