Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган чек арачылар Бишкекке жеткирилди

Бүгүн, 4-июнда Баткен районунун Булак-Башы чек ара тилкесинде тажик аскерлери менен ок атышуудан жаракат алган арачылар Бишкек шаарына жеткирилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Жабыркагандар медициналык мекемелерге жөнөтүлүп, аларга бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт. Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерине бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү маселеси УКМК башчысынын жеке көзөмөлүндө турат», — деп айтылат маалыматта.