«Кыргыз тараптан бир чек арачы жаракат алды». Кыргыз-тажик чек арасында атышуу токтоду

Бүгүн, 3-июнь саат 14:15ке карата Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде ок атышуу токтоду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Саат 14:07де тараптардын чек ара тарамдары ок атышууну токтотуу боюнча буйрук алганына карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону улантты. Ок атышуу учурунда УКМКнын Чек ара кызматынын 1 аскер кызматкери жаракат алып, ага керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Азыркы учурда ок атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү иш алып барышууда. Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө.