«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп Адранов Адылбек Укунович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр 8-апрелде кол койгон.

Буга чейинки жетекчи Василий Дашков 31-мартта кызматтан кеткен болчу.