«Кыргыз темир жолунун» мурунку башчысы Василий Дашковдун кармалганы айтылууда

Бишкекте «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков кармалды. Бул тууралуу 24.kg жазып чыкты. Бүгүн Василий Дашков УКМКга жеткирилгени, ал коррупцияга шектелип жатканы айтылууда.

УКМКнын басма сөз борбору анын кармалгандыгы боюнча комментарий берген жок. Василий Дашков 25-мартта «Кыргыз темир жолу» ишканасынын директору кызматынан бошотулган.