“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Ишкананын максаты жана милдети мамлекеттик медициналык мекемелерди, андан кийин калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен кыйла жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга принциптүү жаңы мамилени камсыз кылуу. Мамлекеттик медициналык мекемелер үчүн сатылып алынган дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын наркын төмөндөтүү өндүрүүчүлөрдөн же дистрибьюторлордон тикелей жеткирүүнүн эсебинен күтүлүүдө.

Мында ата мекендик өндүрүшчүлөргө дагы колдоо көрсөтүлөт, алар өз кезегинде өз товарларын дүңүнөн сатууга кызыкдар жана “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына дистрибьютордук укуктарды берүүгө даяр.