«Кыргызфильм» киностудиясы балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады

Төлөмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады. Сценарийлерге арыздар kyrgyzfilm.redakciya@gmail.com электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.

Киностудиянын маалыматы боюнча, сценарийлер америкалык форматта гана кабыл алынып, жазуу тили кыргыз тилинде болушу шарт. Жеңүүчүлөрдүн сценарийлери киностудиянын сайтына жайгаштырылат. Эксперттик кеңеш тарабынан тандалып алынган сценарийдин авторуна 100 миң сом гонорар төлөнөт.