Кыргызстан менен Кытай Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча аба каттамдарын жандандырууну макулдашты

Президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандырууну макулдашты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сөз 2022-жылдын июнь айынан тарта Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу жөнүндө болуп жатат.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча деталдуу маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылмакчы.