Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 23-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Мальдив Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 3-майда кабыл алынган.
Аталган мыйзамда тараптардын макулдашуусуна ылайык, Кыргыз жарандары — дипломатиялык, кызматтык, жарандык паспорттордун, ошондой эле Кыргыз Республикасына кайтып келүү жөнүндө күбөлүктүн ээлери жана Мальдив Республикасынын жарандары — дипломатиялык, расмий, жарандык паспорттордун, ошондой эле убактылуу жол жүрүү документтеринин ээлери Тараптардын мамлекеттеринин аймагына кирүү, кетүү, транзиттик жана убактылуу болуу үчүн, эгер ал жакта болуунун ар бир мезгилинин узактыгы алар кирген учурдан тартып 30 күндөн ашпаса, визалык талаптардан бошотулат.