Камчыбек Ташиев: «Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечилбеген 2 сотых гана жер калды»

Бүгүн, 19-апрелде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бир нече күндөн бери Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы болуп боз үй тигип, нааразычылык акциясына чыгып жаткан Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылынын тургундары менен жолукту.

Жолугушууда төрага Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечилбеген 2 сотых гана жер калганын айтты. «Чечме булак боюнча, 2 сотых жер экен. Булактан чыккан суу 80 пайыз Өзбекстанга агып кетет экен. 20 пайызы Кыргызстанга кирет экен. Эми ошол 2 сотых жер талаш болуп жатат. Бизге бергиле десек, болбойт. Биз да бербейбиз. Муну да чечебиз деген үмүттөбүз. Бизде «картина» ушундай», — деди ал.