Кыргызстан менен Папуа-Жаңы Гвинеянын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлдү

Кечээ, 24-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Папуа-Жаңы Гвинеянын тышкы иштер министри Жастин Ткаченко менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен коммюникеге кол коюшту. Министрлер эки тараптуу байланыштарды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги маселелерди жана көп тараптуу аянтчалардагы кызматташууну талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда ведомстволордун башчылары өз ара пайдалуу диалогду улантуу үчүн үзгүлтүксүз байланышты улантууга макулдашышты.