Кыргызстан менен Тажикстан атышууну толугу менен токтотууну сүйлөшүштү

Кыргызстан менен Тажикстан чек арада атышууну толугу менен токтотууну сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.

Жолугушууга президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү полковник Кыялбек Төлөнбаев, укук коргоо жана күч структураларынын жетекчилери менен биргеликте Тажикстандын Согдий облусунун губернатору Раджаббай Ахмадзода, тажик тараптын чек ара өкүлү генерал-майор Хикматулло Пиракзода жана Тажикстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй келишимдерге макулдашылды:
— ок атууну токтотуу;
— эки тараптын чек арага тартылган кошумча күч жана каражаттарын мурдагы жайгашкан жерлерине алып кетүү;
— Баткен-Исфана авто жол каттамын ачуу;
— чыр-чатактардын күчөп кетпөөсүн алдын алып, чектеш аймактарда Кыргызстан менен Тажикстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери биргеликте кайгуул уюштуруу.

Эки өлкөнүн делегациялары чыр-чатак орун алган Төрт-Көчө жерлигине келишти. Баткен-Исфана авто жол каттамында тоскоолдуксуз каттамдар жүргүзүлүүдө. Эки тараптуу жолугушуу бүгүн дагы улантылат.