Кыргызстан Тажик тарап менен чек арада кармалгандарды үйлөрүнө кайтаруу маселесин сүйлөштү

Кечээ, 22-февралда Кыргызстан менен Тажикстан чек арада кармалган кыргызстандыктарды үйлөрүнө кайтаруу маселесин сүйлөшүштү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Лейлек районунун акими, прокурору, аймактык коопсуздук кызматкерлер менен чек ара кызматтарынын  жетекчилери Тажикстандын Гафуров районундагы кесиптештери менен Лейлек районундагы Борбордук-Арка (Хожент-Канибадам) жолунун боюнда жайгашкан ресторанда жолугушуп, сүйлөшүшкөн.

Анда эки тарап чек араны мыйзамсыз бузуп кармалган кыргызстандык тогуз жаранды ошондой эле Кыргызстанда да ушундай эле себептер  менен кармалып турган тажикстандык 15 жаранды мекенине кайтаруу маселелери талкууланган.

«Сүйлөшүү болуп өттү. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул шыр эле чечиле калчу маселе эмес. Чек арадагы айрым маселелерди чечүүдө элдик дипломатияны да колдонуу керек», — деп айтылат маалыматта.