Кыргызстанда уранды иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда

Кыргызстанда уран, торий жана уран калдыктарын иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Кыргызстандын жер казынасын пайдалануу маселелери боюнча мыйзам долбоору Энергетика жана өнөр жай министрлиги тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Министрлик мыйзамдардагы бир катар эскирген ченемдерди, ошондой эле ички карама-каршылыктарды жана укуктук карама-каршылыктарды жоюуну сунуштоодо. Мындан тышкары, министрлик жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн бирдиктүү жөнгө салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоорунда уран жана торий кендерин иштетүүгө да уруксат берүү сунушталган. Бирок баары эмес, 100 пайыз мамлекетке таандык компаниялар гана. Мында 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар субъекттер же мамлекеттик ишканалар инвестор менен биргелешкен ишкана түзүү аркылуу мындай иштерди жүргүзүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн. Бирок уран жана торий камтыган чийки заттарды жана калдыктарды Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө азырынча тыюу салынган.

2019-жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү долбооруна каршы митингдер болгон. Көптөгөн нааразылык акциялары уран казууга лицензияны жокко чыгарууга алып келген эле. Кийинчерээк уран жана торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам  кабыл алынган.