Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргыз жарандары курман болду.

Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат: