Кыргызстанда 2,5 миңге жакын бала онкологиялык оорулар менен жабыркайт

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү «Жашайбыз» аталышындагы рак илдетине чалдыккан балдарга паллиативдик жардамдын жеткиликтүүлүгү жөнүндө тегерек столго катышты.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2,5 миңге жакын бала онкологиялык оорулар менен жабыркайт. Ошол эле учурда жыл сайын 130дан ашык баладан оору биринчи жолу аныкталса, 140тан ашык бала биринчи жолу майыптыкка кабылат. Иш-чаранын жүрүшүндө рак оорусуна чалдыккан балдарга байланыштуу бир катар актуалдуу маселелер, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова өз сөзүндө белгилегендей, учурда орун алган көйгөйлөргө карабастан, мамлекет тарабынан медициналык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Тегерек столдун жыйынтыгын чыгарып жатып, Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл «2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын жана «Дени сак адам — өнүккөн өлкө» программасын ишке ашыруунун алкагында онкологиялык илдетке чалдыккан балдарга медициналык-социалдык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча иштер күчөтүлө турганын белгиледи. Иш-чарага Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Акыйкатчы институтунун, жарандык сектордун өкүлдөрү жана онколог дарыгерлер катышты.