«Кыргызстанда 3 миллион 343 миң аял бар. Алардын көбү айыл жергесинде жашашат». Сандар жана фактылар

2012-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген ар жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Кыска мөөнөткө карабай бул майрам өзүнүн салтына ээ болууга жетишти. Бул күн алдында бала бакчаларда балдар өз кол чеберчиликтери менен белектерди, майрамдык концерттерди даярдашат. Мектептерде энелер темасына арналган лекциялар, ар кандай жолугушуулар өткөрүлөт. Энелер күнү өзү үй-бүлөнүн очогун сактаган – энелерге баш ийүүнү жана сый урмат көрсөтүүнү элестетет.

Улуттук статистика комитети бул күндүн урматына сандар менен цифраларды жарыялады. 2021-жылдын 1-январына карата республикада 3 миллион 343 миң аял бар. Бул жалпы калктын 50,4 пайызын түзөт. Ошол эле учурда, шаардагы калктуу конуштарда 1 миллион 195 миң аял, айыл жеринде — 2 миллион 148 миң аял жашайт.

2020-жылы республиканын 15-55 жаштагы 158 миңге жакын аял эне болушту. Эненин биринчи баласы төрөлгөндө орточо жашы болжол менен 23 жашты түзгөн. Эң жаш энелер, алардын биринчи баласы төрөлгөндө 21-22 жашта болушкан. Алар Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат. Аялдардын 27 пайызга жакыны биринчи жолу, ал эми 35 пайызга жакыны, же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушту. 13 пайызга жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болуп калды. 2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Ошентип, 2020-жылы 1436 эгиз төрөлсө, 14 үч эм төрөлгөн.

«2000-жылдардан баштап, Кыргызстанда төрөлүү деңгээлинин өсүшү байкалган. 2019-жылы 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3,3 бала туура келген. Бул биздин өлкөдө калктын кеңейтилген репродукциясын камсыз кылуу үчүн жетиштүү», — деп айтылат маалыматта.