Кыргызстанда 6 айда пенсионерлердин саны 30 миңге көбөйдү

Социалдык фонд үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айлары үчүн 30 миң 757 жаранга пенсия дайындады. Бул тууралуу аталган фонддон билдирди.

Маалыматка караганда, июнь айында пенсионерлердин саны 5 миң 907 адамга көбөйгөн. Мындан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 959 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелген.