Өлкөдө акыркы аптада 339 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда 15-августтан 22-августка чейин СOVID-19дун жаңы 339 учуру катталган. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Амбулатордук дарыланууда — 297 киши, ооруканага жаткырылгандар – 42 адам. 2022-жылдын 8 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19дун 20 миң 789 учуру катталган, анын ичинде 18 миң 789 учур лабораториялык негизде жана 2000 учур клиникалык-эпидемиологиялык түрдө тастыкталган.

Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.