Кыргызстанда Акыркы коңгуроо онлайн режиминде өтөт

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын Акыркы коңгуроосу онлайн режиминде өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, чечим республикалык штабда талкуулангандан кийин кабыл алынган.

«Биз белгилүү инсандардын куттуктоосун даярдап, аны телеканалдарга берүүнү пландап жатабыз. Азыр бул маселе талкууланып жатат. Мектеп жамааттары, администрациялар дагы бүтүрүүчүлөрүнө куттуктоо сөздөрүн даярдашат», — деди ал.

Белгилей кетсек, окуу жылы 25-майда аяктайт.