Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды

Кыргызстанда балдардын укугун коргоонун бир айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун жетекчиси Аскат Азарбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул пландаштырылган иш-чара. «Биз аны 15-февралдан тарта баштайлы дегенбиз, бирок Сокулуктагы окуя азыр баштоого түрткү болду», — деди ал. 

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакта калтырылган. Ал эми бүгүн, 7-февралда бала буга чейин да кулагы сынган абалда ооруканага жеткирилгени маалым болду.